super.kg logo

“Өнүгүү-Прогресс”: "Миграция көйгөйүн чечүү үчүн аймактарда жаңы өндүрүштөрдү түзүү зарыл"

 

Эмгек миграциясы көйгөйү “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын көңүл чордонунда турат. Бул тууралуу шайлоочулар менен жолугушууларда партиянын төрагасы Бакыт Төрөбаев билдиргенин партиянын маалымат кызматы кабарлады.

“Өлкөнүн Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсү менен эмгекке жарамдуу калктын кошумча агылуусу күтүлүп жатат. 100-200 миң адам жакынкы жылдары Орусияга кетип калышы ыктымал. Мамлекетте жумуш орундары жок болгондуктан, биздин жарандар чет өлкөлөрдө иш издөөгө аргасыз болушууда”,- деп билдирди Төрөбаев.

Ошондуктан “Өнүгүү-Прогресс” партиясы эмгек миграциясын ооздуктоо үчүн аймактарда жаңы өндүрүштөрдү түзүүнү сунуштап жатканы, өзгөчө өлкөнүн аймактарына инвестициялардын келиши, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүп, жарандардын ишкерлик демилгесине тоскоолдук кылуучу коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу зарылдыгы айтылды.

“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын төрагасы: “Ар бир кыргызстандык өзүнүн кичи мекенине керек экенин сезиши керек. Биздин жарандар өз жеринде иштеп, эмгеги үчүн айлык алып, өзүнө жана балдарына татыктуу келечек куруп берүүгө ишениши зарыл”,- деп белгилегени айтылат маалыматта. 

№8 - "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясынын катар номери.

Материал "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды. 


кошулду





"Өнүгүү-Прогресс" партиясы жумуш орундарын түзүп берет

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: