“Ата мекенчилер” Лебединовкада Иманаалы Айдарбековдун бюстунун ачылышына катышты




Бүгүн, 1-октябрда Аламүдүн районунун Лебединовка айылындагы Иманаалы Айдарбеков атындагы орто мектептин имаратында И.Айдарбековдун бюстунун ачылышы болду. Салтанаттуу аземге Өмүрбек Текебаев, Медеткан Шеримкулов, Асия Сасыкбаева, Наталья Никитенко, Каныбек Иманалиев, экс-спикер Зайнидин Курманов жана айыл активдери, мугалимдер, мектеп окуучулары катышканын партиянын маалымат кызматы билдирди.
Аталган мектептин атын алып жүргөн Иманаалы Айдарбеков – кыргыз мамлекеттүүлүгүн негиздөөчүлөрдүн бири. Ал эми мектеп директору Гүлбүбү Искакова бюстту ачуу аземине келишкен “ата мекенчилерге” ыраазычылык билдирип, мектептеги окуу процесстери жана тартип менен тааныштырганы айтылды.
"Салтанаттан соң партия лидери Өмүрбек Текебаев баштаган топ мектептин эстелик китепчесине кол коюшту. Иманаалы Айдарбековдун бюсту белгилүү скульптор Аскарбек Турумбековдун эмгегине таандык. Ал Санкт-Петербургдагы Чыңгыз Айтматовдун, Болот Миңжылкыевдин бюсттарынын автору. Мамлекеттик сыйлыктын ээси",- деп айтылат маалыматта.
Материал "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.
кошулду



