super.kg logo
  Спорт  

Футболчу Криштиану Роналду 323-голун киргизүү менен “Реалдын” тарыхындагы бомбардирлер тизмесинде Раулду кууп жетти

 
Сүрөттө Рауль Гонсалес жана португалиялык футболчу Криштиану Роналду.

30-сентябрь түнү Чемпиондор Лигасынын 2-турунда испаниялык “Реал” конокто швециялык “Мальмё” клубун 2:0 эсебинде утту. 2 голду тең чабуулчу Криштиану Роналду өз эсебине жазды. Бул 2 гол менен Криштиану Роналду дароо 2 ийгилигин белгиледи. Тактап айтканда, ал карьерасындагы 500-голун жана 501-голун киргизди. Ошондой эле “Реал” үчүн киргизген голдорунун санын 323кө жеткизип, Рауль менен биргеликте клубдун тарыхындагы мыкты бомбардир аталды (Рауль дагы 323 гол жараткан). Эми бир гол жаратуу менен Роналду рекорд коймокчу.

Чет элдик маалымат булактары кабарлагандай, К.Роналдуга беттештен кийин легендарлуу Рауль телефон чалып, бул жетишкендиги менен куттуктаган. “Мен бактылуумун. Рауль буга көңүл буруп, куттуктоо үчүн телефон чалат деп ойлогон эмесмин”,- дейт Роналду. 

"Реалдын" тарыхындагы мыкты бомбардирлер:

Орун

Футболчу

Оюн

Гол

Ойногон жылдары

1

Криштиану Роналду

308

323

2009-жылдан ушул күнгө чейин

2

Рауль

741

323

1994-2010-жылдар аралыгы

3

Альфредо Ди Стефано

396

307

1953-1964-жылдар аралыгы

4

Карлос Сантильяна

645

289

1971-1988-жылдар аралыгы

5

Ференц Пушкаш

262

242

1958-1966-жылдар аралыгында

 







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
01.10.2015. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Койсоң ээ братан,Рон 501-голун майрамдады го.-)))
01.10.2015. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Aziyat_01, 501 гол ал озунун эмгек жолунда киргизген Реал клубунда ойноп 323 голун киргизип рекорт жасап жатат дагы бир голун киргизсе бирок ал бир эмес дагы 500 киргизиши мумкун
01.10.2015. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын мыкты футболист
01.10.2015. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын! Эн сонун жанылык, рекорд койуусун кутуп калам.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: