super.kg logo

Өмүрбек Текебаев кыргызстандыктарды Карылардын эл аралык күнү менен куттуктады

 

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев кыргызстандыктарды 1-Октябрь - Карылардын эл аралык күнү менен куттуктады. Партиянын маалымат кызматына таянсак, куттуктоонун мазмуну мындай:

"Бүгүн дүйнө жүзү улгайган адамдардын күнүн белгилеп жатат. Бул майрам бизге өзгөчө жакын, анткени кыргыз эли “карысы бардын ырысы бар” деп, илгертеден улууну урматтап келген. Узак өмүр сүрүп, өтөлгөлүү өмүр жолу менен үлгү болгон карылар - дайым төрүбүздүн көркү. Улуу муундун өкүлдөрү мамлекетибиздин түптөлүшүнө, экономиканын алдыга жылышына салым кошуп, коомдун ар түрдүү тармактарында эмгектенип келишти. 

Бүгүн алар татыктуу камкордукка, өзгөчө сый-урматка татыктуу. Тилекке каршы, мамлекет карыларыбызга тиешелүү камкордук көрө албай жаткандыгы жашыруун эмес. Улуу Ата Мекендик согуштун, эмгектин ардагерлеринин пенсиясы аздап көбөйтүлгөнү менен, бул алардын турмуш-тиричилигин татыктуу өткөрүүгө, ден соолугун талаптагыдай кармап турууга жетишсиз. Бул үчүн бүгүнкү улуу күндүн алдында алардын ар биринен кечирим суроого тийишпиз.  

“Ата Мекен” партиясы – социалисттик партия. Ошондуктан биз ар дайым эмгек адамын коргоп келгенбиз. Демек, өмүрүн Мекенге, элге арнаган ар бир улгайган мекендештерибиз биз үчүн кымбат. Социалисттик теңсиздикти жоюуну алдына максат кылган “Ата Мекен” партиясынын буга чейинки жана мындан аркы аракети улгайган жарандарыбыздын татыктуу жашоосуна арналат. Бул үчүн өлкөнүн саясий, экономикалык жана социалдык жактан өнүгүүсү керек. 

Бул багыттан алганда өлкөдөгү партиялардын көч башында турган “Ата Мекен” социалисттик партиясы бай тажрыйбага, зор ишенимге ээ. Улуу муундун өкүлдөрүнүн колдоосуна ээ болуп келген үчүн партиянын чейрек кылымдык тарыхы бар жана биз муну менен сыймыктанабыз. Алдыдагы шайлоодо “Ата Мекен” партиясы артыкчылыкка ээ болсо, карыларга камкордук бийик деңгээлде болот деп айтууга негиз бар.

Урматтуу ардагерлер, аталар, апалар, жалпы эле улуу муундун өкүлдөрү! Ар бириңиздердин өтөлгөлүү өмүрүңүздөр биз үчүн үлгү. Сиздер бар үчүн биз барбыз. “Ата Мекен” социалисттик партиясынын жана өзүмдүн атымдан ушул улуу күнү ар бириңиздерге ден соолук, кажыбас кайрат жана бактылуу карылык каалайм".  

Өмүрбек Текебаев, “Ата Мекен” социалисттик партиясынын лидери. 

Материал "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды. 

 

 

 

 


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: