11-мартта грек-рим күрөшү боюнча өлкө чемпиондугу башталат
11-13-мартта Бишкек шаарындагы Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда грек-рим күрөшү боюнча Өлкө чемпиондугу өтөт. Бул тууралуу КРнын Грек-рим федерациясынын басма сөз кызматы билдирди. Айта кетсек, 13-мартта кыздар арасындагы таймаш болот. Ошондой эле бул иш-чаранын ачылышында грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын жаңы машыктыруучусу Канатбек Бегалиев расмий түрдө тааныштырылат. Чемпиондукка өлкөнүн бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.