Баткенде “Ата Мекендин” үгүтчүсүн сабап кетишти
Кечээ, 30-cентябрда саат 20:30 чамасында Кадамжай районунун Орозбеков айылында “Ата Мекендин” 1995-жылы туулган Бекзат аттуу үгүтчүсүн сабап кетишти. Бул тууралуу “Ата Мекендин” Кадамжай району боюнча талапкери Бурул Амановага таянып партиянын маалымат кызматы кабарлады.
Бекзат үгүт иштерин жүргүзүп бүтүп, үйүнө келип унаасын токтотордо болжолдуу 40-50 жаш курактагы белгисиз эки киши аны эч себепсиз сабап салышканы, башына жана ичине катуу сокку алган бала эс-учун жоготкондо капчыгындагы 8 миң сомун алып качып кетишкени айтылды. Жабыр тарткан баланын апасы жалгыз бой болгондуктан, уулун ооруканага алып барып, ал жерге калтырбай, кайра үйүнө алып кеткен.
“Бекзаттын апасы аны ооруканага калтырган жок. Буга чейин ал башка баласын жоготкондуктан, жалгыз медер тутар баласы Бекзат экен. Атасы да жок. Кымындай баланы сабаган зөөкүрлөрдү каргап жатат”,- дейт Аманова.
Талапкер жабырлануучу баланын абалы менен таанышып келгени, ал башы менен ичи ооруп жатканын айтканы белгиленет маалыматта. Факт боюнча милицияга арыз жазылып, учурда тергөө иштери жүрүп жатканы айтылды.
кошулду



