super.kg logo

Улгайган жарандарыбыздын маселесин чечүү боюнча улуттук стратегия түзүү зарылчылыгы айтылды

 

Улгайган жарандарыбыздын маселесин чечүү боюнча улуттук стратегия түзүү керек. Мындай пикирин бүгүн, 1-октябрда Эл аралык карылар күнүнө арналган көргөзмө-жарманкенин жүрүшүндө Карыларга жардам берүү боюнча ресурстук борбордун өкүлү Светлана Баштовенко билдирди. Анын айтымында, учурда өлкөдө карылар менен иштешкен бир дагы эл аралык донор жок.

Бизде балдардын, аялдардын камын көрүп, укуктарын коргогон чет элдик демөөрчү уюмдар өтө көп. Ал эми кары-картаңдарыбыздын маселеси баарын кайдыгер калтыргандай. Ал арада улгайган жарандарыбыз кыйналып жашап жатышат. Мисалы, чет өлкөдө жаран карып, ардактуу эс алууга чыкканда, татыктуу жөлөк пул алып, дүйнө кыдырып эс алат. Биздин чал-кемпирлерибиз өзүнүн айылынан чыга алышпайт, себеби шарт жок. Эптеп алган пенсиясына күн кечирип, анан колунан келген нерселерди жасап, көчөгө алып чыгып сатат. Мындай абалдан чыгуу үчүн улгайган жарандарыбыздын маселесин чечкен улуттук стратегияны түзүшүбүз керек. Консультация берүү же коммуникация тармактарына жумушка орноштуруу зарыл”,- деди Баштовенко.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: