super.kg logo
  Саясат  

2015-2017-жылдарга азык-түлүк жана тамак-аш коопсуздугун камсыздоо боюнча программа кабыл алынды

 
Бүгүн, 1-октябрда Өкмөт үйүндө азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча кеңешме өтүп, жыйынтыгында 2015-2017-жылдарга азык-түлүк жана тамак-аш коопсуздугун камсыздоо боюнча программа кабыл алынды. Өкмөттүк аппараттан кабарлашкандай, өкмөт башчы Темир Сариев аталган программа Улуттук туруктуу өнүгүү стратегиясынын алкагында приоритеттүү болуп санала турганын белгиледи. 

“Атайын ведомство аралык иштиктүү топ тарабынан 2015-2017-жылдарга азык-түлүк жана тамак-аш коопсуздугун камсыздоо боюнча программа иштелип чыккан. Учурда Кыргыз Республикасы тамак-аштын тогуз базалык продуктусунун үчөө менен гана өзүн камсыздайт. Базалык продуктулардын катарына дан түрүндө эсептелчү нан азыктары, картошка, жашылча-жемиштер, мөмөлөр, эт, сүт, кант, жумуртка жана өсүмдүк майы кирет. Биз жасай турган негизги нерсе – продуктуларды пайдалануу маданиятын өзгөртүү. Биз сүт продукциясын, жер-жемиштерди аз пайдаланабыз. Ошол эле учурда өз каражатыбыздын 63 пайызын тамак-ашка жумшайбыз",- деп белгиледи ал. 

Премьер-министр билдиргендей, тийиштүү органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бейөкмөт уюмдар жана бизнес-коомчулук менен өнөктөштүктө аталган программа тарабынан аныкталган милдеттерди өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткарылышын камсыздоосу тийиш.

"Бул үчүн бардык шарттар бар. Учурда биз ар бир аймакта 3-4 күнөскана ачуудабыз, алардан түшкөн кирешелер 10 эсеге жогорулатылышы зарыл. Биз насыяларга карата жеткиликтүүлүктү ишке ашырдык. Өткөн жылы гана өкмөт 5,6 миллиард сом көлөмүндөгү субсидияланган кредиттерди берди. Быйыл бул көлөмдү 15 миллиард сомго дейре жеткиребиз",- деп кошумчалады Сариев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: