"Ата Мекен": "Адахан Мадумаров тууралуу видео - чындык"
"Ата Мекен" партиясы өзүнүн үгүт материалына байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясынын 1-октябрдагы чечими боюнча билдирүү жасады. Билдирүүдө булар айтылат:
"Борбордук шайлоо комиссиясы 1-октябрда Адахан Мадумаров тууралуу айтылган видеорепортажды эфирден берүүнү токтотуу тууралуу чечим кабыл алды. Мындай чечим чыгарууга “Ата Мекен” партиясынын тиешелүү формалдуулуктарды сактабай, бул видеосюжет тууралуу БШК менен макулдашпаганы негиз болгон. Буга караганда репортаждын маани-маңызына БШКнын эч кандай дооматы жок, анткени репортажда жалаң гана фактылар келтирилген. Анда айтылгандардын баары чындыкка дал келет. Ошол себептен “Ата Мекен” партиясы формалдуу түшүнбөстүктөрдү жокко чыгарып, Адахан Мадумаров тууралуу видеорепортажды трансляциялоо боюнча БШКга кат менен кайрадан кайрылды.
Буга чейин Мелис Мырзакматовдун видеокайрылуусун трансляциялоо боюнча БШК менен макулдашылган, бирок минтип БШК күтүүсүздөн мурдагы позициясынан кайтып, КТРКга Адахан Мадумаров тууралуу материалды көрсөтүүдөн баш тартууну сунуштады. “Ата Мекен” партиясы БШКнын мындай позициясына түшүнбөй турат".
“Ата Мекен” партиясынын маалымат кызматы.
кошулду



