"Ата Мекен": "Мелис Мырзакматовдун кайрылуусун эфирден берүүгө тыюу салуу менен БШК өз укугунан аша чапты"
Ош шаарынын мурунку мэри Мелис Мырзакматовдун кайрылуусуна байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы кабыл алган чечимге карата "Ата Мекен" партиясы билдирүү жасады. Билдирүүдө булар айтылат:
"Борбордук шайлоо комиссиясы 1-октябрдагы жыйынында Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматовдун кайрылуусун көрсөтүүгө тыюу салуу боюнча чечим кабыл алды.
“Ата Мекен” саясий партиясынын укуктук маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайгүл Токтакунова белгилегендей, КРнын Баш мыйзамына ылайык, ар бир жаран өзүнүн оюн ачык жана эркин билдиргенге укуктуу. Ал эми шайлоо жөнүндөгү мыйзамга ылайык, ар бир жарандын "каршы" же "макул" деп үгүттөөгө укугу бар жана буга эч ким тыюу сала албайт. Ошондой эле жарандардын мындай укугуна тыюу салуу укуктук жаза менен белгилене турган аракет болуп саналат. Бир гана чет элдик жаран үгүт иштерин жүргүзүүгө укуктуу эмес. Ал эми бизге белгилүү болгондой, Мелис Мырзакматов жарандыгынан четтетилген эмес. Демек, БШК кайсы бир саясий күчтүн куралы катары ойнобошу керек.
“Албетте, Мелис Мырзакматовдун артында колдогон электораты чоң жана өзгөчө кадыр-баркка ээ. Ошондуктан анын кайрылуусу таасирдүү болушу мүмкүн жана бул кимдир бирөөгө жакпашы да мүмкүн”,- дейт юрист.
Эң негизгиси, бул суроо боюнча айта кетсек, 2015-жылдын 28-сентябрында Мырзакматовдун видеокайрылуусу БШК тарабынан жактырылган жана макулдашылган. Тиешелүү жумушчу топтун төрагасы бул материалды ММКларга жарыялоого укук бере турган партиянын тиешелүү катына кол койгон, бирок кокусунан эле БШК бул маселени күн тартибине алып чыгып, чечим кабыл алып жатат. “Ата Мекен” партиясы БШКнын мындай так эмес позициясына таң калганын жашырбайт.
КРнын “легендарлуу парламентинин” төрагасы Медеткан Шеримкулов БШК цензуралык уюм болбогон соң, Мелис Мырзакматовду “Ата Мекен” партиясынын тизмесинен үгүт иштерине катышууга жолтоо боло албайт деп эсептейт. Шеримкуловдун айтымында, Мелис Мырзакматов Баш мыйзамдын негизинде өз элине кайрылууга толук укуктуу. Анын сөздөрү канчалык объективдүү экени эл тарабынан таразаланат.
“Бул жерде БШК кандай милдетти аркалап жаткандыгын байкоого болот. Эгерде Совет бийлигинин алдындагы БШК цензуралык орган болуп саналса, анда азыр ал мындай функцияны аткарбашы керек. Биз ар бир жаран өз оюн ачык-айкын жана эркин билдирүүгө укуктуу болгон көз карандысыз Кыргызстанда жашап жатабыз. Мырзакматовго карата БШК мүчөлөрүнүн мамилеси БШК мүчөлөрүнүн ыйгарым укугуна кирбейт”,- деп билдирди Медеткан Шеримкулов.
“Кыргыз эли билимдүү жана акылдуу. Чындык жана адилетсиздик кайда экендигин аңдап-сезүүгө жөндөмдүү жана кырдаал боюнча өзүнүн объективдүү көз карашын билдире алат”,- деп кошумчалады ал".
кошулду



