Жылнаама, 2-октябрь: Мындан 13 жыл мурун дүйнөдөгү эң алгачкы робот-инкассатор Японияда сатыкка чыккан

Бул жылдар аралыгында институт өлкөбүздүн көркөм өнөрүнө жана маданиятына зарыл болгон 4,5 миңден ашык адистерди даярдап чыгарган. Алардын ичинде СССРдин жана Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгы, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти", "Маданиятка эмгек сиңирген ишмер" деген ардактуу наамга ээ болгондор ондоп саналат. Бүтүрүүчүлөрдүн ичинде "Социалисттик Эмгектин Баатыры" наамына, Манас жана башка орден-медалдарга татыгандар да бар.
* Мындан 7 жыл мурун, 2008-жылы Улуттук кардиология борборунун негиздөөчүсү, медицина илимдеринин доктору, академик Мирсаид Миррахимов 81 жаш курагында көз жумган. Анын сөөгү 5-октябрь күнү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.
* Мындан 146 жыл мурун, 1869-жылы индиялык саясий ишмер Махатма Ганди Индиянын Пробандар шаарында төрөлгөн. Ал - Индиядагы улуттук боштондук кыймылдын лидери, идеологу. Гандинин окуусу (гандизм) улуттук боштондук күрөштүн программасы болгон.
* Мындан 13 жыл мурун, 2002-жылы дүйнөдөгү эң алгачкы робот-инкассатор Японияда сатыкка чыккан. Ал япониялык "Секом" компаниясы тарабынан чыгарылып, салмагы 380 килограммды түзгөн. Ал кожоюнунан башка эч кимди жанына жолоткон эмес.

Кардиолог жана коомдук ишмер Мирсаид Миррахимов 1927-жылы 27-мартта Фрунзе шаарында туулган. Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун (КММИ) бүтүргөн. Факультеттик терапия кафедрасында клиника ординатору, пропедтерапия, факультеттик терапия кафедраларынын башчысы, КММИнин илимий иштери боюнча проректору болуп иштеген. 1978-жылдан тартып өлкөдөгү Кардиология илим изилдөө институтунун директору болгон.
700гө жакын илимий эмгектери, анын ичинен 23 монографиясы, 500гө жакын илимий макалалары жарык көргөн жана 19 ойлоп табуунун автору. Мирсаид Миррахимов - Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген врач, Илим жана техника жаатында эмгек сиңирген ишмер, Илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыктын ээси, СССРдин Саламаттыкты сактоо боюнча отличниги, КРнын Билим берүүдөгү отличниги жана Социалисттик Эмгектин Баатыры. Анын ысымы Эл аралык ардак китептерине кирген. Мирсаид Миррахимов 2 Ардак белгиси, 2 Ленин, Октябрь революциясы, Элдердин достугу, III даражадагы Манас ордендери жана көптөгөн медалдар менен сыйланган.

Индияны Улуу Британиядан боштондукка чыгаруу күрөшүнүн башкы идеологу Махатма Ганди 1948-жылы 30-январда 78 жашында көз жумган.

2-октябрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.