super.kg logo

Кадамжайда 2 адам "сибирь жарасын жуктурган" деген күмөн менен ооруканага жаткырылды

 

2015-жылдын 30-сентябрында Кадамжай аймактык ооруканасына 2 адам сибирь жарасына күмөндөлүп жаткырылган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы 2-октябрда билдирди.

Ооруканага Халмион айылынын Чекелик аймагынын тургуну, 1976-жылы туулган Камалжан Чоёнов жана Айдаркен шаарынын тургуну, 1958-жылы туулган Ашырбай Колдошов жеткирилген.

2015-жылдын 1-октябрында Кадамжай райондук санитардык жана эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан анализге үлгү алынып, Ош шаарындагы Түштүк аймактык чума оорусуна каршы бөлүмүнө жөнөтүлгөн. Анализдин жыйынтыгы чыкканда кошумча маалымат берилет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: