Дзюдо боюнча Ташкент Гран-присинде кыргыз спортчусу коло медаль тагынды

30-сентябрда Өзбекстанда Ташкент Гран-приси үчүн мелдеш старт алган. 4-октябрда жыйынтыктала турган мелдеште кыргыз спортчусу Отар Бестаев 60 килограмм салмакта коло медаль тагынды. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт.
Кошумчалай кетсек, бул мелдеште спортчулар Рио-де-Жанейро Олимпиадасына жолдомо алуу үчүн упай топтошууда.
Буга чейин маалымдалгандай, Ташкентке мамлекетибиздин желеги астында Отар Бестаевден тышкары Владимир Золоев, Бектур Рысмамбетов, Чыңгыз Мамедов, Юрий Краковецкий, Болот Токтогонов сыяктуу спортчулар жөнөп кетишкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.