Президент: “Парламентте тайраңдайм деген ууруларга орун жок”

“Парламентте тайраңдайм деген ууруларга орун жок”. Бул тууралуу пикирин мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 2-октябрда Бишкектеги Көк-Жар кичи районунда ИИМдин кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычтарын тапшырып жатып билдирди. Өлкө башчысы айрым саясий партиялар катарына ууруларды кошуп алып парламентке бара жатканын айтты. "Бир партия издөөдө жүргөн адамды кошуп алып элдин добушун алууну кааласа, дагы бир партия чоң муштумдарды кошуп алган. Элге "7 пайыздан насыя берем" деп, өз банкынан жогорулатылган пайызда берип жатат. Парламентке келишсе да, бийликке келишпейт, ага жол жок. "2 жылдан кийин президент кетсе, каалаганыбызды жасайбыз" деп жатышат, мен кетпейм, Бишкекте эле болом. Тайраңдоого жол бербейбиз. Ошондуктан добушуңарды ууруларга эмес, карап туруп иш кылчу партияга бергиле",- деди Атамбаев.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Президент: "Айрымдар депутат болуш үчүн мамлекетти жок кылууга даяр болуп турушат"
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:07
2025-06-24
15:15
2025-06-24

17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

