super.kg logo

“Өнүгүү-Прогресстин” сабалган талапкери Камчыбек Ташиев жалган маалымат таратып жатканын билдирди

 

“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын сабалган талапкери Абдыманап Абдыбахапов өзүнө карата Камчыбек Ташиев жалган маалымат таратып жатканын билдирди. Партиянын маалымат кызматына таянсак, талапкердин айтымында, Камчыбек Ташиевдин телеканалынан партия тең төрагасы эч кимге кол көтөрбөгөнү, Абдыбахапов калп айтып жатканы тууралуу маалымат берилген. 

"Абдыманап Абдыбахапов Камчыбек Ташиев баш болгон 8 бала келип сабаганын, ага күбөлөр бар экенин тастыктады. Денесине алган жаракаттардан улам ооруканага жатып, тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар жүргүзүлгөн. Анын айтымында, Камчыбек Ташиев өзүнүн телеканалынан бир тараптуу маалыматтарды берип, ал ортодо жарашуу ниетин билдирип, ортомчуларды дагы жөнөтүп жатат. “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан депутаттыкка талапкер Абдыманап Абдыбахапов чындык, адилеттүүлүк үчүн аягына чейин соттошо тургандыгын тастыктады.

Быйыл 26-сентябрда Сузак районунун Атабеков айыл аймагына караштуу Бек-Абад айылынын борборунда жайгашкан “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын штабына “Республика-Ата Журт” саясий партиясынын тең төрагасы Камчыбек Ташиев өзүнүн бир тууган иниси жана жан сакчылары менен келип, “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын атынан депутаттыкка талапкер Абдыманап Абдыбахаповду сабап, саясий партиянын штабындагы буюмдар менен эмеректерди талкалашкан.

Буга байланыштуу "Республика-Ата Журт" партиясынын тең төрагасы Камчыбек Ташиев 28-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен шайлоого катышуу укугунан ажыраган. Ал эми 30-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Борбордук шайлоо комиссиясынын Камчыбек Ташиевди шайлоодон четтетүү чечимин мыйзамдуу деп тапкан",- деп айтылат маалыматта.

Материал "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды. 


кошулду





"Өнүгүү-Прогресс" партиясынын мүчөсү Абдыманап Абдыбахаповду сабап кетишти

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: