Өмүрбек Текебаев: "Мугалимдер – Кыргызстандын сыймыгы"

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады. Партиянын маалымат кызматына таянсак, куттуктоодо булар айтылат:
"Урматтуу мугалимдер!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм! Мамлекет билим берүүнүн негизинде курала тургандыгы бизге маалым. Мекенин сүйгөн, билимдүү, чынчыл атуулдар мектеп уясынан тарбия алып, өлкөнүн келечеги үчүн өз ишин сүйгөн билим ээлерине айланышат.
Мугалимдер – Кыргызстандын сыймыгы. Сиздер өзүңүздөрдүн милдетиңиздерди жоопкерчилик менен аркалап, билим берүүнүн бардык кыйынчылыктарын көтөрүп келесиздер. Аз айлык, тиешелүү социалдык колдоонун жоктугу сыяктуу маселелер сиздердин асыл ишиңиздерге көлөкөсүн түшүрүп келе жатат. Ошого карабай сүйүктүү кесибиңиздерди таштабай, келечек муундарды тарбиялоо менен алексиздер.
Акыркы жылдары мамлекет сиздерге көп карыз болду. Албетте, бардык нерсенин чеги бар. Кыйынчылыктарга карабай эмгектенип келе жаткан мугалимдердин эмгеги бааланышы керек. Ошондуктан, биз, “Ата Мекен” партиясынын өкүлдөрү, республиканын билим берүү системин жаңы деңгээлге көтөрүүгө, мугалимдердин жашоо-турмушун жакшыртууга болгон мүмкүнчүлүктөрдү жасоого аракет кылабыз.
Урматтуу билим ээлери, ар бириңиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөңүздөргө бакыт-таалай жана Мекенибиздин келечегине арналган асыл ишиңиздерге ийгилик каалайм. Бар болуңуздар!
Өмүрбек Текебаев, "Ата Мекен" социалисттик партиясынын лидери.
Материал "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.
кошулду



