super.kg logo
  Саясат  

Президент айрым маалымат каражаттарына: "Аларга Атамбаевдей президент жакпайт, Акаев менен Бакиевдей ууру керек. Же силер "Обаманы колдойбуз" деп жазгыла"

 
"Журналисттер, калыс болгула, ким демөөрчү болуп жатканына карабай, биринчи кезекте өз өлкөңөрдүн жараны бойдон калышыңар керек",- деп президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 2-октябрда батыш саясатын колдогон айрым маалымат каражаттарын катуу сынга алды. Мамлекет башчысы аларды ар-намысына келип, өлкөнү ойлоого чакырды.  

Жакында эле АКШнын Мамлекеттик департаменти жигитибизди өрттөткөн адамга сыйлык берген. Ал азыр түрмөдө отурат. Албетте, мына ошолор каржылаган радио “Атамбаевди колдойм” деген туура эмес” деп кыйкырып жатат. Аларга Атамбаевдей президент жакпайт, Акаевдей, Бакиевдей ууру, канкор керек. "Кыргыз Республикасы олку-солку болуп турсун, уурулар башкарып турсун" деген тилектери бар. Ошол жакта иштеген жигит-кыздарга кайрылат элем, уят да, мамлекетти ойлогула. Туура, акчаны Мамлекеттик департаменттен аласыңар, бирок намыс деген болуш керек да. Же жазгыла “Барак Обаманы колдойбуз” деп. Уят! Обама БУУда сүйлөдү, “демократия, демократия” деп. Орто Азияны көрүп жатабыз, АКШ демократиялуу Кыргыз Республикасын колдоп жатабы же башкаларды колдоп, куралынан бери берип жатабы? Ошондуктан көзүбүздү ачалы, мамлекетти ойлойлу”,- деди президент.

Андан кийин өлкө башчы айрым партиялар парламентке келүү үчүн издөөдө жүргөн адамдар биригип жатканына токтолду.

“Айрымдар депутат болуш үчүн мамлекетти жок кылууга даяр болуп турушат. Бирөөсү качып кеткен ууруларды колдоп жүрсө, бирөөсү качып кеткен сепаратисттер менен сүйлөшүп жатат, “депутат болом” деп. Мындайга жол бербейбиз. Атамбаев эки жылдан кийин мөөнөтү бүтүп, кетет, бирок 15 чакырым алыстыкка барат. Дароо келип ууруларды жоопко чакырабыз. Бизге өнүккөн мамлекет керек”,- деди Атамбаев.  

Айта кетсек, бүгүн президент Бишкек шаарынын Көк-Жар турак жай массивинде курулган көп кабаттуу үйлөрдөн милиция кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычын тапшырды.  






Президент: "Айрымдар депутат болуш үчүн мамлекетти жок кылууга даяр болуп турушат"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: