Президент ИИМ кызматкерлерине берилген көп кабаттуу үйдүн жанына балдар аянтчасын куруу үчүн 300 000 сомго сертификат тапшырды (фоторепортаж)




















Бүгүн, 2-октябрда өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Бишкек шаарынын Көк-Жар турак жай массивинде курулган көп кабаттуу үйлөрдөн милиция кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычын тапшырды. Мамлекет башчысы милиция кызматкерлерин жаңы конушу менен куттуктап, үйлүү болуу ар бир адамдын, ар бир үй-бүлөнүн турмушундагы кубанычтуу окуя экендигин белгиледи.
“Келерки жылы борбор шаарыбызда милиция кызматкерлери үчүн ушул сыяктуу көп батирлүү бир нече үй салынат. Жакында эле биз Баткен жергесинде укук коргоо кызматкерлерине жаңы үйдү тапшырдык. Жакынкы күндөрү Беловодск айылында дагы бир үйдү пайдаланууга беребиз. Андан соң Ош шаарынын милиция кызматкерлерине 60 квартираны тапшырабыз. Мындай иш токтобой, ырааттуу негизде жүргүзүлүүгө тийиш”,- деди Алмазбек Атамбаев.
“Мамлекет күч түзүмдөрүнө карата мамилесин түп-тамырынан бери өзгөртүп жатат. Мындан ары дагы камкордугубузду уланта беребиз. Ошол эле учурда сиздерге карата дагы талаптар катуулайт, анткени жарандарыбыз бийлик өкүлү катары биринчи кезекте милиция кызматкерлерине кайрылышат. Ошондуктан силер милиционердин жогорку наамына татыктуу болушуңар керек”,- деди Алмазбек Атамбаев.
Мамлекет башчысы өлкөбүз үчүн абдан оор мезгилди: милиция кызматкерлери кыйын абалда, жарыбаган айлык алган, үстүндө үйү жок, үйү тургай келечектен дагы үмүтү жок, бирок колунда курал тургандыктан, көпчүлүгү кызматын кыянаттык менен пайдаланган учурларды эске салды. “Силер кыска мезгилдин аралыгында милициянын эл арасындагы кадырын кайра калыбына келтиришиңер керек. Элибиз «милиция мени коргойт» деп ишенип, балдар кайрадан милиционер болгусу келгидей абалга жетишишиңер керек. Албетте, мамлекет силерди, үй-бүлөңөрдү бардык зарыл шарттар менен камсыз кылууга милдеттүү. Биз бул ишти көзөмөлгө алдык. Мындан ары дал ушундай болот, бирок силер дагы өлкө жарандарына мекенчилдиктин жана мыйзам сактоонун үлгүсүн көрсөтүүгө милдеттүүсүңөр. Милициянын бир эле кызматкери жарандардын көзүнчө форма кийип жүргөндөрдүн баарынын кадырын кетирип коюшу мүмкүн. Андайларга карата Ички иштер министрлиги эң катуу чараларды көрүп, сөгүш менен чектелип калбастан, алардан чечкиндүү арылууга милдеттүү”,- деди Алмазбек Атамбаев.
Сөзүнүн соңунда мамлекет башчысы милиция кызматкерлерин, алардын үй-бүлө мүчөлөрүн жаңы конушу менен куттуктап, бак-таалай, ден соолук жана кызматтарына ийгилик каалады. Президент ички иштер министри Мелис Турганбаевге үйдүн жанына балдар аянтчасын куруу үчүн 300 000 сомго сертификат тапшырды.
Көп кабаттуу жаңы үйлөрдөн 180 батирдин ачкычын милиция кызматкерлери жана кызматтык милдеттерин аткарып жатып курман болгон милиционерлердин үй-бүлөлөрү алышты.
Президент: "Айрымдар депутат болуш үчүн мамлекетти жок кылууга даяр болуп турушат"


