Жогорку Сот дагы Камчыбек Ташиевди тизмеден чыгарууну мыйзамдуу деп тапты
Бүгүн, 2-октябрда Жогорку Сот "Республика - Ата Журт" партиясынын тең төрагасы Камчыбек Ташиевди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин мыйзамдуу деп тапты.
Автор: Нургазы Аматов
Айта кетсек, К.Ташиев 26-сентябрда пикир келишпестиктин айынан "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын өкүлүн сабап салганы жарыяланган. Факт боюнча кылмыш иши ачылып, териштирүү жүрүп жатканы айтылган эле. 28-сентябрда БШК Камчыбек Ташиевди талапкерлердин тизмесинен чыгарып салган. 30-сентябрда Биринчи Май райондук соту Ташиевди тизмеден чыгарууну мыйзамдуу деп тапкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:11
2025-11-10
15:14
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















