super.kg logo

"Өнүгүү-Прогресс" оң рулдуу унааларга тыюу салуу менен 50 000 адамдын жумушсуз калышына каршы

 

Оң рулдуу унаалар өлкө үчүн баш ооруткан көйгөйлөрдүн бири болуп калды. Баасы арзан болгондуктан, чексиз санда мамлекетке алынып келип жаткан оң рулдуу унаалар өкмөт менен калктын ортосунда талаш маселеге айланганын "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын маалымат кызматы кабарлады. Өкмөттүн кабыл алган токтомуна ылайык, 2016-жылдын 1-январынан тартып оң рулдуу унааларга тыюу салынары айтылды.

“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев мындай чечимди туура эмес деп эсептей турганы, каатчылык болуп жаткан мезгилде мамлекет өз жарандары менен мындайга барбашы керектиги айтылат маалыматта. “Биздин өкмөт жаңы жумуш орундарын түзүп берүүнүн ордуна, тескерисинче, жумушсуздардын санын көбөйтүп жатат. Ак пейили менен иштеп жаткан таксисттер буга окшогон мыйзамдардын айынан жумушсуз калбашы керек. Кеп рулдун кайсы жагында орун алгандыгында эмес, жол коопсуздугун сактоо эрежелеринде. Ошондуктан биз буга кайдыгер карабашыбыз керек”,- деп билдирди Бакыт Төрөбаев. “Өнүгүү-Прогресс” партиясы оң рулдуу таксилерге уруксат берүүчү жалгыз гана партия экени, ИИМдин маалыматы боюнча, өлкөдөгү оң рулдуу унаалардын саны 200 миңге жакын же мамлекеттеги жеңил унаалардын 35 пайызын түзөрү айтылды.

№8 – “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын катар номери.

Материал "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.

кошулду





"Өнүгүү-Прогресс" партиясы оң рулдуу унааларга тыюу салынышына каршы

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: