super.kg logo
  Саясат  

Түп районундагы “Күрмөнтү цемент” заводу иштебей токтоп турат

 

Ысык-Көл облусунун Ак-Булак айылында жайгашкан “Күрмөнтү цемент”  заводунун иши акиташ жоктугунан улам токтоп турат. Бул тууралуу 5-мартта аталган ишкананын башчысы Бактияр Айталиев билдирди. Анын айтымында, Геология жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик акиташ өндүрүү үчүн кепилдик талонун бербей жатат. “Февраль айынан баштап эле завод иштеп баштамак. Бирок тиешелүү документтин жоктугунан иш токтоп турат”,- деди Айталиев. Айта кетсек, бул завод 2011-жылы 2 миң тонна, 2012-жылы 4 миң тонна цемент өндүргөн. Ошондой эле бул ишкана 2011-жылы 864 тонна, 2012-жылы 684 тонна акиташ чыгарган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: