Жылнаама, 3-октябрь: Мындан 16 жыл мурун “Sony” компаниясынын негиздөөчүсү Акио Морита көз жумган


Мектептен соң Осакадагы Императордук колледжге өтүп, 1945-жылы физик болуп чыккан. Колуна диплом алгандан кийин мугалим болуп иштейт. Бош убагында электроника тармагында өз фирмасын ачууну каалаган Икубо деген адам менен иштешет. Убакыт жетип, экөө биргелешип Токиодо телекоммуникация жаатындагы техникалык компанияны негиздешкен. Компания 1958-жылдан баштап “Sony” деген аталышка ээ болгон. Морита музыкага жакын болгондуктан, компаниянын атын “Sony” деп атоону чечкен. “Sony” – латын сөзү, бизче “үн” дегенди билдирет.
Моританын аракетчилдигинин жана өжөрлүгүнүн натыйжасында компаниянын продукциялары АКШда кеңири тарайт. Ал гана эмес, АКШдагы тиричилик техникасын чыгарган “Техас Инструмент”, “Женерал Электрик” жана “Уэстингхаус” сыяктуу эң алдынкы компанияларды басып өтөт. “Sony” компаниясы радио, видеомагнитофон, телевизор, фотоаппарат жана башка техникаларды чыгарып, бүгүнкү күнгө чейин бул тармакта алдынкы орунду ээлеп келет.


3-октябрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.