Бүткүл дүйнөлүк илим күнүнө карата Билим берүү жана илим министрлигинде иш-чара өттү
10-ноябрь - Бүткүл дүйнөлүк илим күнүнө карата бүгүн КРнын Билим берүү жана илим министрлигинде салтанаттуу жыйын болуп өттү. Иш-чара учурунда министрдин орун басары Догдуркүл Кендирбаева куттуктоо сөзүн айтып, бүгүнкү заманбап жашоодогу илимдин ээлеген орду тууралуу кенен токтолду жана жалпы илим кызматкерлеринин эртеңки майрамын белгиледи. "Учурда биздин министрлик илимий эмгектерди каржылоонун деңгээлин көтөрүү демилгесин көтөрүп жатат",- деп кошумчалады Кендирбаева. Иш-чарага бир катар академиктер, мектеп жана ЖОЖдордун илим тармагында эмгектенген кызматкерлери катышышты.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

