super.kg logo

Марат Аманкулов: "Жаштар менен биргеликте жаңы Кыргызстанды курабыз"

 

Бишкек шаарынын тургундары менен жолугушуу учурунда СДПКнын атынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Марат Аманкулов: "СДПК өзүнүн саясий платформасында Кыргызстандын жаштарына таянат. Жаштар - биздин эртеңибиз. Сиздер мамлекеттин тиреги, үмүтүсүздөр. Биргеликте биз жаңы Кыргызстанды курабыз",- деп билдирди.

Ал отуз күн аралыгында бардык партиялар шайлоочулардын добушуна ээ болуу үчүн күрөшүп келишкенин белгилеп: "СДПК гана сиздер менен диалог түздү. Бардык талапкерлер борбор калаанын ар бир көчөсүн жөө кыдырып, шайлоочулар менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берип жатышты. Шаарды көрктөндүрүү жаатындагы курч суроолорду борбордун жаштары беришти. Бүгүнкү күндө алгылыктуу иштерди жасап, көйгөйлөрдү чечкендиктен, сиздердин алдыңыздарга баш көтөрүп чыгып жатам",- деп билдирди талапкер.

Депутаттыкка талапкер өлкөнүн өнүгүүсүнө жооп берүү менен бирге келечекке ылайыкташкан билим берүүнүн кыргызча моделин түзүү СДПКнын планында бар экенин кошумчалады.

Материал СДПК саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды. 

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: