Канат Керезбеков: "4-октябрда парламентти гана эмес, өлкөнүн келечегин да тандайбыз"




"4- октябрда биз сиздер менен чогуу парламентти гана эмес, өлкөнүн бүтүндөй келечегин тандайбыз",- деп билдирди СДПКдан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Канат Керезбеков Бишкек шаарынын тургундары менен жолугушууда. Партиянын маалымат кызматынын билдиришинче, талапкер Кыргызстан бүгүнкү күндө Борбор Азиядагы эң эркин жана демократиялык мамлекет деп эсептелерин айтат. "Биз жакынкы аралыкта баса турган жолубузду тандайбыз. Биздин өлкөнүн ири потенциалы жана олуттуу амбициясы бар. СДПК Кыргызстан эртеңки күнү Борбор Азиядагы жашоого эң ыңгайлуу өлкөгө айланышы үчүн иштеп жатат",- дейт Керезбеков.
Материал СДПК саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
2:21
2015-10-03

23:53
2015-10-02

Рейтинг:
0

