super.kg logo

СДПК шайлоочуларга кайрылуу жасады

 

СДПК кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Партиянын маалымат кызматына таянсак, кайрылууда булар айтылат:

"Урматтуу шайлоочулар!

4-октябрда шайлоого катышып, добуш бериңиздер деп баарыңыздарга кайрылабыз. Айрым адамдар парламенттик шайлоонун жыйынтыктары өздөрүнүн тагдырына таасир этпейт деп ойлошот. Бул туура эмес ой! Шайлоо тагдырыңызга абдан эле таасир этет.

Өткөн беш жылда өлкө өзгөргөнүн карапайым адамдар өз көзү менен көрүштү. Кыргызстан кедей өлкө атынан арылып, кайра жаралуу жолуна түштү. СДПК эми баштаган иштерди аягына чыгууга үндөйт. Келиңиздер, президентти колдоо менен жакшыны жакшыга улайлы. Өлкөбүздүн кайра артка кетишине жол бербейли.

Колдогу тынчтыкты барктап, сактайлы. Бизге буюрган эркиндикти жана жакшылыктарды колдон чыгарбайлы. Бул улуу дөөлөт.

СДПК – бул азыркы адилет саясаттын бузулбай, ырааттуулук менен уланышы.

СДПК – бул алган багыттан тайбай, бир калыпта өсүп-өнүгүүсү.

Биздин партияга берген добушуңуз – президенттин багытын колдогонуңуз!"

Материал СДПК саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды. 


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: