Президент Дордой конушундагы №94-мектептин ачылышына катышты




Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 3-октябрда Бишкек шаарынын Свердлов районундагы Дордой турак жай массивинде жайгашкан №94-мектептин ачылыш салтанатына катышты.
Мамлекет башчысы мугалимдерди кесиптик майрамы, окуучуларды жана алардын ата-энелерин жаңы мектептин ачылышы менен куттуктады. “Мугалимдик кесип - абдан ардактуу жана кадырлуу, анткени мугалимдер өз өмүрүн балдарды тарбиялоого, өлкөбүздүн келечегине арнашат”,- деди Алмазбек Атамбаев.
Мамлекет башчысы акыркы 5 жылдын аралыгында өлкөбүздө мугалимдердин айлык акысы экинчи ирет жогорулатылып жаткандыгына токтолду: “Мындай кадам жакшы жыйынтыктарды берип, мектепте билим берүүнүн сапатына жакшы таасир тийгизип жаткандыгына ишенем”.
Президент жакынкы эки жылдын аралыгында авариялык абалдагы мектептер толук оңдолуп, өлкөнүн бардык аймактарында жаңы мектептер салынарын эске салды. “Элибиз буга толук ишене элек, анткени өлкөбүздө буга чейин мындай иштер жасала элек болчу”,- деди Алмазбек Атамбаев.
Өлкө башчысы учурда мугалимдерди турак жай менен камсыз кылуу маселеси анын көңүл борборунда экендигин баса белгиледи. “Биз тиешелүү иштерди жүргүзүп жатабыз, мамлекеттик кызматкерлер, мугалимдер жана врачтар үчүн атайын ипотекалык компания түзүүнү пландаштырып жатабыз. Бул максатка Кыргыз-орусиялык өнүктүрүү фондунан 100 миллион доллар жумшоо пландаштырылууда”,- деп маалымдап, Алмазбек Атамбаев ушул жол менен мугалимдик кесиптин кадырын кескин көтөрүүгө жетишсе болорун айтты. Президент мугалимдерге колдоо көрсөтүү жыл санап күчөтүлөрүн, анткени өлкөбүз өнүгүү жолун так аныктап алгандыгын белгиледи.
Сөзүнүн соңунда президент мектептин директоруна башталгыч класстардын окуучулары үчүн окуу китептерин жана жогорку класстар үчүн 2 комплект мультимедиялык жабдуу сатып алууга 1 миллион сомдук сертификат тапшырды.


