super.kg logo

Сузакта камыш баскан саздак жерге футболдук аянтчаны куруу иши башталды

 

Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Сузак айыл аймагындагы муниципалдык менчиктеги саз болуп жаткан 2 гектар жер аянтынын 1 гектарын футболдук аянтчага айлантуу демилгесин Жалал-Абад ОИИБинин жетекчилиги колго алды. Бул тууралуу 3-октябрда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган жайды тегиздеп, тазалоо иштери өздүк курамдан 150 адам жана жергиликтүү жамаат менен биргеликте кызуу жүрүп жаткан учуру. Бул жышаанды колдоо иретинде айыл өкмөтү 200 миң сом акча каражатын бөлүп берди. Азыркы учурда саз жайды таштандылардан арылтып, тегиздеп жана кызыл топурак төгүү иштери жүрүп жатат.

Узундугу 90 метр, туурасы 60 метр болгон футболдук аянтчага көрүүчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн үстү жабылган отургучтар да орнотулат.

Жумуш учуруна күбө болгон белгилүү дин аалымы Чубак ажы Жалилов: «Бул жер жергиликтүү, суу боюндагы ыплас, каралбай калган ээн жаткан жайлардан болгон экен. Эми бул жер улуттар аралык ынтымактын, достуктун, сергек жашоонун борборуна айланышына өбөлгө түзөт жана жакшы саамалык»,- деп белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(4)
03.10.2015. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
жакшы тез бутсун
03.10.2015. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чубак ажынын сөзүнө караганда "Кыргызстан" партиясы салып атыптырда... -)))
03.10.2015. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Шайлоо откончо бутсо бутту бутпосо шайлоо откондон кийин Чала бойдон калат
05.10.2015. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы болуптур, башка жердегилерге да сабак болчудай иш чара экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: