super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт башчы Республикалык олимпиадалык резервдер окуу жайынын иши менен таанышты

 

Бүгүн, 3-октябрда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Бишкек шаарындагы Шералы Сыдыков атындагы Республикалык олимпиадалык резервдер окуу жайына барып, анын ишмердиги менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Премьер-министр окуу жайдын жамаатын мугалимдердин кесиптик майрамы менен куттуктап, окуу жайдагы билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, спорттук даярдыкты жана спорттук тарбия берүүнү жакшыртуу маселеси боюнча баарлашты.

«Бул окуу жайда дүйнөлүк деңгээлде спорттук ийгилик жаратчу жеткинчектер тарбияланышы керек. Ал үчүн бардык шарттарды түзүү менен окуучуларга шык берип, машыктыруу керек»,- деди Темир Сариев.

Премьер-министр окуучуларга кайрылып, окуу жайдын деңгээлин төмөн түшүрбөй, спорттук ийгиликтерди жаратууга умтулууга чакырды. Ошондой эле өкмөт спортко жана спорттук билим берүүгө көңүл бурууну күчөтөрүн кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: