Нарында бала бакча жана мектептин курулушуна капсула салынды




Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым
укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов Эмгек-Талаа айылынын бала бакчасынын курулушуна
жана Жалгыз-Терек айылынын мектебинин курулушуна капсула салуу аземине катышты. Бул тууралуу 3-октябрда өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Эмгек-Талаа айылындагы мектеп жашына чейинки балдар
бала бакчанын жоктугуна байланыштуу айылдын мектебинин бир бөлүгүндө тарбия
алып келишкен. Курулушу башталган бала бакча 2 кабаттуу, 75 орунга ылайыкталып, жалпы суммасы 23 миллион сомду түздү.
Ал эми Жалгыз-Терек айылындагы Ырысбек Усубалиев
атындагы мектеп жараксыз абалга келип калганына байланыштуу жаңы мектеп салууга
муктаждык жаралган. Курулушу башталган типтүү мектеп 225 орунга ылайыкталып,
жалпы суммасы 43 миллион 479 354 сомду түздү. Курулуштун толук
бүткөрүлүшү 2017-жылдын декабрь айына
пландалган. Аталган объектилер республикалык бюджеттин "капиталдык салымдар" беренесинен каржыланат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
2

Комментарийлер(1)
mirlank83

03.10.2015. 21:29
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан жакшы!!!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.