super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз өлкөсүндө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо процесси башталды

 
Кыргыз мамлекетинде Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо процесси башталды. 4-октябрь, саат 08:00гө карата республикадагы бардык шайлоо тилкелери ачылып, жарандар жаңы эреже: биометрикалык каттоо боюнча добуш берүүгө киришти. Бүгүн республикада 2374, чет өлкөдө 36 шайлоо участкасы иштейт.

Белгилей кетсек, биометрикалык маалыматын тапшырган 2 миллион 757 826 жаран шайлоо укугуна ээ болгон.  Шайлоого 14 саясий партиядан 2 миңдей талапкер ат салышууда. Саат 20:00дө шайлоо участкалары жабылып, добуш берүү токтотулат. Автоматташтырылган урналардагы бюллетендерди электрондук эсептөө менен бир сааттын ичинде шайлоонун болжолдуу жыйынтыктары чыгып калары айтылууда. Добуштар кол менен да саналып чыгат. Парламенттик шайлоонун акыркы жыйынтыгы 24-октябрга чейин чыгарылат.

Шайлоонун жүрүшү тууралуу маалымат берип турабыз.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: