super.kg logo
  Саясат  

ШАЙЛОО-2015: Ош облусундагы шайлоо участкалары жабылды

 
Бүгүн саат 08:00дө Ош шаары жана Ош облусундагы бардык шайлоо участкалары эшигин ачты, азыркы тапта шайлоо процесси кызуу жүрүүдө.
Шайлоого катышып жаткандардын саны көп. Тартип бузуулар катталган жок.
№5327-шайлоо участкасында 1 сааттын ичинде 75 шайлоочу өз добушун берди.
Ош шаарындагы участкалардын баарында эл активдүү катышууда.
№5271-шайлоо участкасында жалпы 2297 шайлоочу бар болсо, 227 шайлоочу 2 саат ичинде добуш берди.
Ак-Тилек айыл аймагындагы №5912-шайлоо участкасына добуш берүүгө келгендердин саны көп.
Чоң-Алай районундагы Кара-Тейит айылынын эли шайлоого активдүү катышууда.
№5912-шайлоо участкасында эл шайлоого активдүү катышууда. Кезек талашып кээде кыйкырыктар болгонун эске албаганда, шайлоо процесси мыйзам чегинде болуп жатат.
Ош шаарынын "Сулайман-Тоо" аймактык кеңешиндеги №5911-шайлоо участкасында 5911 шайлоочу катталган. Анын 4330у биометрикалык маалыматын тапшырган. Аталган шайлоо тилкесинде 3 саат ичинде (11:00дөгү убакыт боюнча) 520 адам добуш берди.
Ош шаарында шайлоочулардын 16,7 пайызы добуш берди, башкача айтканда, саат 12:00гө карата 22 241 адам шайлоого катышты.
Ош шаарында шайлоого катышкан элдин активдүүлүгү күчөгөндүгү байкалууда. Коомдук абал тынч, эч кандай мыйзам бузуулар катталган жок. Ош шаарында жалпы 133 388 шайлоочу бар.
Алай районунда шайлоо процесси тынч өтүүдө.
20:00. Ош облусундагы шайлоо тилкелери жабылды.
19:50. Ош шаары боюнча шайлоо тынч өтүүдө. Айрым шайлоо участкаларында жабдуулар иштебей калган учурлар болуп жатат. Атайын адистер жөнөтүлүп, алар оңдоо иштерин жүргүзүп жатышты. Эки участкада электрондук урналар иштебей, бюллетендер кадимки урналарга салынды. Шаардагы шайлоо аймактарында добуш берүүгө келгендердин саны көбөйө баштады. Бул тууралуу БШКнын аталган шаардагы өкүлү билдирди.
19:48. Ош шаарында саат 19:00дөгү маалымат боюнча, 65 246 жаран добуш берүүгө катышып, жалпы шайлоочулардын саны 49 пайызды түздү. Бул тууралуу Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Рысбек Нурдинов билдирди.
17:17. Кара-Кулжа районундагы №5009-шайлоо участкасына чакыруу алган жарандар добуш берүүгө келип, өздөрүн тизмеден таппай жатышат.
14:48. Фуркаттагы шайлоо тилкелеринде добуш берүүгө келгендердин саны көп болууда. "Эшикти ичинен бекитип алышканына жарым саат болду",- дейт окурман.
14:44. Алай районунда шайлоо процесси тынч өтүүдө. Добуш берүүгө Абдыманап Кутушев келди.
13:07. Ош шаарында шайлоого катышкан элдин активдүүлүгү күчөгөндүгү байкалууда. Коомдук абал тынч, эч кандай мыйзам бузуулар катталган жок. Ош шаарында жалпы 133 388 шайлоочу бар.
13:07. Ош шаарында шайлоочулардын 16,7 пайызы добуш берди, башкача айтканда, саат 12:00гө карата 22 241 адам шайлоого катышты.
11:19. Ош шаарынын "Сулайман-Тоо" аймактык кеңешиндеги №5911-шайлоо участкасында 5911 шайлоочу катталган. Анын 4330у биометрикалык маалыматын тапшырган. Аталган шайлоо тилкесинде 3 саат ичинде (11:00дөгү убакыт боюнча) 520 адам добуш берди.
11:16. №5912-шайлоо участкасында эл шайлоого активдүү катышууда. Кезек талашып кээде кыйкырыктар болгонун эске албаганда, шайлоо процесси мыйзам чегинде болуп жатат.
10:30. Чоң-Алай районундагы Кара-Тейит айылынын эли шайлоого активдүү катышууда.
10:30. Ак-Тилек айыл аймагындагы №5912-шайлоо участкасына добуш берүүгө келгендердин саны көп.
10:14. №5271-шайлоо участкасында жалпы 2297 шайлоочу бар болсо, 227 шайлоочу 2 саат ичинде добуш берди.
10:10. Ош шаарындагы участкалардын баарында эл активдүү катышууда.
09:18. №5327-шайлоо участкасында 1 сааттын ичинде 75 шайлоочу өз добушун берди.
09:10. Шайлоого катышып жаткандардын саны көп. Тартип бузуулар катталган жок.
09:00. Шаар мэри Айтмамат Кадырбаев Ж.Бөкөнбаев атындагы мектепте орун алган №5327-шайлоо участкасында болду.

Бүгүн саат 08:00дө Ош шаары жана Ош облусундагы бардык шайлоо участкалары эшигин ачты, азыркы тапта шайлоо процесси кызуу жүрүүдө.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: