super.kg logo
  Саясат  

ШАЙЛОО-2015: Чүй облусунда шайлоо участкалары жабылды

 
Кант шаарындагы №114-шайлоо участкасында иштебей калган урнаны саат 14:50дө келип оңдошту. Шайлоочулар нааразы болушту.
Мыктыбек Абдылдаев Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылындагы №7401-шайлоо участкасында добуш берди.
Чүй облусундагы Он-Бир-Жылга айылында жайгашкан №7040-шайлоо участкасында көрүүсү начар аксакал урнаны сүзүп кетти. Азыркы убакта элдер башка урнаны күтүп жатышат.
20:00. Чүй облусунда шайлоо участкалары жабылды.
17:11. Чүй облусундагы Он-Бир-Жылга айылында жайгашкан №7040-шайлоо участкасында көрүүсү начар аксакал урнаны сүзүп кетти. Азыркы убакта шайлоочулар башка урнаны күтүп жатышат.
14:52. Кант шаарындагы №114-шайлоо тилкесинде иштебей калган урнаны саат 14:50дө келип оңдошту. Шайлоочулар нааразы болушту.
14:46. Кант шаарындагы №114-шайлоо участкасында шайлоо учурунда саат 14:30да электрондук урна иштебей калды. Натыйжада кезек күткөндөр көп болуп кетти. 
13:29. "Бир бол" партиясынан депутаттыкка талапкер Мыктыбек Абдылдаев Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылындагы №7401-шайлоо участкасында добуш берди.
09:44. Чүй облусунда парламенттик шайлоо мыйзам чегинде өтүүдө. Добуш берүүгө келгендердин саны көп. Бул тууралуу БШКнын аталган аймактагы өкүлү Анарбек Шеримбеков билдирди.
Бүгүн саат 08:00дө Чүй облусундагы бардык шайлоо участкалары эшигин ачты, азыркы тапта шайлоо процесси кызуу жүрүүдө. 

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: