super.kg logo
  Саясат  

ШАЙЛОО-2015. Орусияда добуш берүү аяктап, добуштар саналды

 
Москва шаарында №9001-шайлоо участкасы (жергиликтүү убакыт менен саат 08:00. Бишкек сааты боюнча 11:00) ачылды.
Владивостоктогу №9004-шайлоо участкасы
Новосибирск облусунда №9010-шайлоо участкасы.
Красноярск аймагындагы №9003-шайлоо тилкеси.
Екатеринбург шаарындагы №9009-шайлоо участкасы
Санкт-Петербургдагы №9002-шайлоо участкасы

01:00. Орусияда добуш берүү аяктап, добуштар саналды. Алдын ала маалыматтар боюнча, Орусиянын 6 ири шаарында 1065 жаран добуш бергенин КРнын Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы Айымкан Кулукеева билдирди. 

00:45. Индиядагы Нью-Дели шаарындагы Кыргыз Республикасынын элчилигинде ачылган шайлоо участкасында добуш берүү аяктады. Добуш берүүгө жалпы 29 жаран катталган болсо, анын 16сы добуш берди. 

00:25. Сауд Арабиясында добуш берүүгө Кыргыз Республикасынын жарандарынын 75 пайызы катышты. 

23:57. Түркия мамлекетинин Стамбул шаарында жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:00дө (Бишкек убактысы боюнча 21:00дө) добуш берүүгө катышкан жарандардын саны 115ке жетти.

23:50. Пакистанда добуш берүү жыйынтыкталды. Добуш берүүгө катталган Кыргыз Республикасынын 32 жаранынын 27си добуш берди. Добуш берүү учурунда мыйзам бузуу фактылары катталган жок. 

17:12. Москва шаарында шайлоо участкасына келген жарандардын көбү өзүн тизмеден таппай кайра кетип жатышат.

12:31. Санкт-Петербургдагы №9002-шайлоо участкасы боюнча добуш берүү өтүүдө. БШКдан 447 жарандын тизмеси бекитилген. 

12:27. Екатеринбург шаарындагы №9009-шайлоо участкасы боюнча добуш берүү өтүүдө. БШКдан 2429 жарандын тизмеси бекитилген. "Ошончо жарандын шайлоодо активдүү катышуусун күтөбүз",- дейт КРнын Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы.

12:06. Красноярск аймагындагы №9003-шайлоо тилкеси боюнча шайлоо өтүүдө. БШКдан 539 жарандын тизмеси бекитилип келген.

11:40. Новосибирск облусунда №9010-шайлоо участкасы боюнча шайлоо башталды. БШКдан бекитилип келген тизме боюнча 880 жарандын добуш берүүсү күтүлүүдө. 

11:36. Владивостоктогу №9004-шайлоо участкасы боюнча добуш берүү башталды. БШКдан бекитилип келген 642 шайлоочунун тизмеси боюнча шайлоо өтүүдө.

11:13. Москва шаарында №9001-шайлоо участкасы (жергиликтүү убакыт менен саат 08:00. Бишкек сааты боюнча 11:00) ачылды. Бул тууралуу КРнын Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы Айымкан Кулукеева билдирди.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: