super.kg logo
  Саясат  

Саат 12:00гө карата чет өлкөдө жашаган 260 эле кыргыз жараны добуш берди, бул көрсөткүч 2 пайызды түзөт (тизме)

 

Саат 12:00гө карата чет өлкөдө жашаган кыргыз жарандарынын 2 пайызы эле добуш берди. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда маалымат жыйынында БШКнын мүчөсү Алмаз Асаналиев билдирди.
Анын айтымында, аталган мөөнөткө карата жалпы республика боюнча шайлоочулардын 20 пайызы добуш берди. Ал эми аймактар боюнча көрсөткүчтөр төмөнкүдөй болууда:

Бишкек шаарында - 58 100 адам добуш берди (шаардагы шайлоочулардын 15,5 пайызы)

Ош шаары - 22 241 адам (16,7 пайыз)

Жалал-Абад облусу - 98 876 адам (20 пайыз)

Ош облусу -  100 121 адам (18 пайыз)

Баткен облусу 54 300 адам (24,1 пайыз)

Чүй облусу - 96 100 адам (21,2 пайыз)     

Ысык-Көл облусу - 47 230 адам (19,6 пайыз)

Нарын облусу - 34 428 адам (23 пайыз)

Талас облусу - 30 635 адам (24,9 пайыз)

"Жалпы республика боюнча 542 200 адам добуш берди. Бул көрсөткүч шайлоочулардын 20 пайызын түзөт",- деп белгиледи Асаналиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: