super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте №1316-шайлоо участкасында 9 шайлоочу маалымат базасында жок болуп чыкты

 
Бишкектеги №1316-шайлоо участкасында 9 адам маалымат базасында жок болуп чыкты. Муну бүгүн, 4-октябрда аталган шайлоо участкасынын төрайымы Оксана Вертиполох билдирди. Анын айтымында, мындан тышкары 30 адам өзүн тизмеден таппай, башка участкаларга жөнөтүлгөн.
"Биздин шайлоо участкабыз боюнча 1528 жаран шайлоого катышмак, учурда алардын 555и добуш берди. Булардын арасындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү 31 адам кечээ үйүндө добуш берген. Биометрикалык маалыматын тапшырбаган 2 адам шайлоого катышам деп келди. Бир улгайган адам келип, аялынын ордуна добуш берүүгө аракет жасады. Анын жубайы төшөктөн тура албайт экен. Мындай жарандарга биз кечээ үйлөрүнө барып добуштарын кабыл алганбыз да. Негизинен шайлоо өз нугунда өтүүдө",- деди төрайым.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: