Саат 09:35ке карата партиялардын алган добуштары (тизме)
Кечээ, 4-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын 57,85 пайызы добуш берди. Башкача айтканда, добуш берүүгө укугу бар 2 миллион 761 297 кыргыз жаранынан 1 миллион 597 452си шайлоого катышты.
Борбордук шайлоо комиссиясынын саат 09:35ке карата электрондук эсептөө боюнча маалыматына ылайык, партиялар төмөнкүдөй көлөмдө добуштарды топтошту:
- КСДП - 27,43 пайыз (430 671 адам добуш берди)
- "Республика - Ата Журт" - 20,07 пайыз (315 121 адам добуш берди)
- "Кыргызстан" - 12,87 пайыз (202 062 адам добуш берди)
- "Өнүгүү-Прогресс" - 9,3 пайыз (146 061 адам добуш берди)
- "Бир бол" - 8,5 пайыз (133 379 адам добуш берди)
- "Ата Мекен" - 7,75 пайыз (121 729 адам добуш берди)
- "Бүтүн Кыргызстан - Эмгек" - 6,13 пайыз (96 281 адам добуш берди)
- "Замандаш" - 2,73 пайыз (42 844 адам добуш берди)
- "Улуу Кыргызстан" - 1,5 пайыз (23 499 адам добуш берди)
- "Ар-намыс" - 0,79 пайыз (12 479 адам добуш берди)
- "Мекен ынтымагы" - 0,79 пайыз (12 403 адам добуш берди)
- "Кыргызстан элдеринин конгресси" - 0,6 пайыз (9 437 адам добуш берди)
- "Аалам" - 0,4 пайыз (6 264 адам добуш берди)
- "Азаттык" - 0,33 пайыз (5 249 адам добуш берди)
Ал эми баарына каршы 12 273 шайлоочу добуш берди.
БШКдан билдиришкендей, 7 пайыздык республикалык чектен жана 0,7 пайыздык аймактык чектен алдынкы 6 партия өттү. Акыркы жыйынтык 18-октябрда белгилүү болорун билдирет мекеме.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
3

