Турсунбек Акун Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилигине кылмыш ишин козгоо керектигин айтууда

Бүгүн, 5-октябрда Шайлоону көзөмөлдөө боюнча улуттук кеңештин төрагасы Турсунбек Акун журналисттер менен жолугушууда Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилигине кылмыш ишин козгоо керектигин айтты.
Автор: Наргиза Бекжанова
Фото: Наргиза Бекжанова
"3-октябрда Мамлекеттик каттоо кызматынын системи иштебей калды. Мунун айынан биометрикалык маалыматын тапшырган миңдеген адамдар шайлоо укугунан ажырап калышты. Биздин кеңеш өкмөткө атайын кат менен кайрылды. Ошол эле учурда бул нерсе шайлоонун жалпы жыйынтыгына көп деле таасирин тийгизген жок жана шайлоо таза, ачык өттү деп эсептейбиз.
Президенттин биометрика менен шайлоону өткөрүү демилгесин учурунда көптөр колдогон эмес эле. Кечээ өзүбүз участкаларга кирип, жаңы аппараттардын иштегенин көрүп ыраазы болдук. Шайлоо күнү мыйзам бузуулар болуп жатканы тууралуу бир катар арыздар түштү, бирок аларды биз колубуз менен кармап албагандан кийин жоопкерчиликке тартуу кыйын",- дейт Акун.

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
2