Динара Ошурахунова: "Жалпысынан шайлоо атаандаштык, ачык жана тынч атмосферада өттү"

"Парламенттик шайлоо атаандаштыктын негизинде ачык жана тынч атмосферада өттү". Мындай пикирди бүгүн, 5-октябрда маалымат жыйынында Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунова билдирди. Анын айтымында, аталган уюмдун байкоочулары өлкө боюнча 500 шайлоо участкасында 3-4-октябрь күндөрү мониторинг жүргүзүштү.
Автор: Наргиза Бекжанова
Фото: Наргиза Бекжанова
"Бардык байкоочулардан отчëтторду чогултуп иштеп чыкты. Алар добуш берүү күнүндө айрым тартип бузуулар болгонун ырасташты, бирок алар массалык түрдө болбогондуктан, добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир берген жок.
Жаңы шайлоо технологиялары "Бир шайлоочу - бир добуш!" принцибин ишке ашырууга жол ачкандыгын белгилей кетүү керек. Буга чейинки шайлоолорго салыштырып караганда, алдыга карай бир кадам илгерилөө болду. Коалиция мурдагы шайлоолордогу бир эле шайлоочунун көп жолу добуш берүү маселесин баса белгилеген болчу. Ошол эле учурда добуштарды сатып алуу учурлары болду. Мыйзам боюнча, кайсы бир партияны жоопко тартыш үчүн, акча алган жаран өз арызы менен кайрылышы керек. Болбосо мындай фактыларды далилдөө өтө кыйын",- деди Ошурахунова.

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0