super.kg logo
  Саясат  

Байкоочулар кечээки шайлоо алар үчүн пайдалуу жана кызыктуу өткөнүн айтышты

 

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин байкоочулар миссиясынын төрагасы Владимир Гаркун кечээ, 4-октябрда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тынч жана коопсуз өткөнүн айтты.
"Уюштуруу жагы мыкты болду. Шайлоочулардын жоопкерчилиги байкалды. Жалпысынан КМШ мамлекеттеринен 137 байкоочу иш жүргүздү. Биз үчүн шайлоо кызыктуу жана пайдалуу өттү, анткени шайлоодо биометрика жана автоматташтырылган урналар колдонулду. Биз бул жаңы технологиялар менен тааныштык",- деди Гаркун.
Мындан тышкары байкоочулар шайлоодо жаштардын активдүү катышканын баса белгилешти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: