super.kg logo
  Саясат  

КСДПнын лидери Чыныбай Турсунбеков сотко чакырылат

 
Бүгүн, 5-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда коррупция боюнча айыпталган президенттик аппараттын мурунку башчысы Данияр Нарымбаев жана Жогорку Кеңештин депутаты Хажимурат Коркмазовдун иши боюнча соттук отурум өттү. Анын жүрүшүндө Д.Нарымбаевдин жактоочулары сотко КСДПнын лидери Чыныбай Турсунбековдун, Жогорку Кеңештин депутаты Нургазы Айдаровдун жана Жогорку Соттун судьясы Канат Турганбековдун күбө катары келүүсүн өтүнүштү. Судья жактоочулардын өтүнүчүн канааттандырып, мамлекеттик айыптоочуларга келерки соттук отурумга аталган жарандардын келүүсүн камсыздоону тапшырды. Кийинки отурум 15-октябрга белгиленди.
Эскерте кетсек, Коркмазов 2015-жылдын 15-июлунда Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеевдин кызынан 100 миң доллар пара алып жатканда кармалган. Кылмыш үстүнөн кармалган депутат тергөө учурунда бул ишке президенттик аппараттын мурунку башчысы Д.Нарымбаевдин катышы бар экенин билдиргенАндан кийин 22-июлда Нарымбаевге айып тагылып, УКМКнын СИЗОсуна убактылуу камакка алынган. Прокуратура жүргүзгөн тергөөнүн жыйынтыгында Данияр Нарымбаевге “пара алуу”, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, ал эми Хажимурат Коркмазовго “пара алуу” беренеси боюнча айып тагылган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: