super.kg logo
  Саясат  

Чет элдик байкоочу: “Жергиликтүү журналисттер шайлоого байланыштуу аналитикалык өз алдынча материалдарды жасашкан жок”

 

Бүгүн, 5-октябрда чет элдик байкоочулар парламенттик шайлоонун жүрүшү туурасында маалымат жыйын өткөрүштү. ЕККУ ПА делегациясынын башчысы Ивана Добесова: “Шайлоодо жергиликтүү журналисттер шайлоого байланыштуу аналитикалык өз алдынча материалдарды жасашкан жок”,- деди. Анын айтымында, көпчүлүк массалык маалымат каражаттарында чектелген жаңылыктар жана аналитикалык изилдөөнүн жетишсиздигинен шайлоочуларга объективдүү маалыматтар жетишсиз болду.
«Массалык маалымат каражаттары талапкерлерге өз көз караштарын билдирүү үчүн дебаттар жана саясий жарнамалар аркылуу мүмкүнчүлүк түзүп беришти. Бирок жаңылыктардагы кампания тууралуу материалдар жана болуп жаткан иш-чаралар боюнча берүүлөр акы төлөгөн баяндамалардан гана турду. Партиялардын кампаниясы жана платформасы тууралуу редакциялык баяндоолордун жетишсиздигинен улам мамлекет тарабынан каржыланган ММКларда президент жана башка мамлекеттик даражалуу кызматкерлер тууралуу ашыкча он тариздеги макалалар жана берүүлөр өзгөчө көзгө урунуп турду”,- деди Добесова. 






Эл аралык байкоочулар шайлоо таза жана калыс өткөнүн айтышты

Автор: Бекжан Рыскулов
Оператор: Мелис Маматкулов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: