Эл аралык байкоочу биометрикалык маалыматын тапшырып, тизмеге кирбей калгандар тууралуу айтты
Бүгүн, 5-октябрда өлкөдөгү парламенттик шайлоого мониторинг жүргүзгөн эл аралык байкоочулар өлкөдө шайлоо атаандаштык негизинде өткөнүн жана шайлоочуларга тандоо мүмкүнчүлүгү берилгенин билдиришти. Ошого карабастан шайлоо процессине дагы жакшыртылган процедура жана
ачык-айкындык керектигин айтышты.
ЕКПА делегациясынын башчысы Мэритсел Матеу Пи: "Биздин байкоочуларыбыз аймактарда болушту. Шайлоо ачык-айкын
өттү. Шайлоочулардын тизмеси мамлекеттик бирдиктүү калк реестрине негизделген. Бул шайлоодо биринчи жолу биометрикалык маалыматтарды каттоо аркылуу шайлоочулардын тизмеси түзүлдү. Айрым шайлоочулар биометрикалык маалыматтарын беришкен жок. Буга алардын өздүк маалыматынын коопсуздугуна тынчсыздануусу себеп болду. Жарандардын көбүнүн тизмеге
кирбей калганы байкалды. Шайлоочу добуш бергенден кийин бюллетенди урнага салганга чейинки аралыкта купуялуулук сакталбаганы байкалды.Шайлоочуларды жаңы каттоо системи менен тааныштыруу үчүн иш-аракеттер жүргүзүлгөнү менен, маалымат жетишсиз болду. Шайлоо кампаниясынын ачык-айкын өтүүсүн күчөтүү керек. КРнын жаңы түзүлгөн парламенти менен ЕККУ ПА кызматташууга даяр",- деди.
Эл аралык байкоочулар шайлоо таза жана калыс өткөнүн айтышты


