"Калктын электрондук системге болгон ишеними жогору болушун каалаар элек" дейт эл аралык байкоочу
Бүгүн, 5-октябрда өлкөдөгү парламенттик шайлоого мониторинг жүргүзгөн эл аралык байкоочулар шайлоонун жүрүшү тууралуу пикирин билдиришти.
Европарламенттин делегациясынын башчысы Рышард Чарнецки өз сөзүндө парламенттик шайлоону уюштурган бийлик өкүлдөрүнө ыраазычылык айтты. "Мен кыргыз жерине экинчи жолу келип жатам. 5 жыл мурунку шайлоого да көз салган элек. Кээ бир кемчиликтерди эске албаганда, шайлоо жүргүзүүдө прогресс байкалды. Шайлоону уюштурууну демократиялык жол менен өткөрүүдө жардам берүүгө даярбыз. Шайлоо участкаларында байкоо жүргүзүп жатып жарандардын кызматташууга даяр экенин байкай алдык. Добуш берүүгө келгендердин саны көп болгону кубантты. Айрым маселелер чечүүнү талап кылат. Калктын электрондук системге болгон ишеними жогору болушун каалаар элек",- деди Рышард Чарнецки.
Эл аралык байкоочулар шайлоо таза жана калыс өткөнүн айтышты


