super.kg logo
  Саясат  

"Биометриканы колдонуу менен шайлоону өткөрүүгө “заказды” аткарган партиялар жана бейөкмөт уюмдар каршы чыгышкан" дейт Атамбаев

 

"Жаңы технологияларды колдонуу менен шайлоону өткөрүүгө “заказды” аткарган партиялар жана бейөкмөт уюмдар каршы чыгышкан",- деди бүгүн, 5-октябрда чет өлкөлүк байкоочулар менен жолугушууда президент Алмазбек АтамбаевАнын айтымында, жаңы ыкмаларды колдонууга каршы чыккан адамдар митингдерге, "каруселдерге", махинацияларга кызыкдар болушкан. "Борбор Азияда биз биринчилерден болуп жаңы технологияларды шайлоодо колдондук. Мурда мен "Кыргыз Республикасы - эң туруктуу мамлекет" дегенимде баары күлүшкөн болчу. Кечээки шайлоо тынч, митингсиз өткөнүнө күч түзүмдөрүнүн өкүлү таң калган, анткени бизде ар бир шайлоо нааразычылык акциялар менен коштолуп келчү",- деди өлкө башчы.
Андан соң ал эки жылдан кийин өлкөдө президенттик шайлоону өткөрүү кыйла жеңилирээк болорун баса белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: