super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев кечээки шайлоонун бир кемчилигин атады

 

"Мен жашырбайм, кечээки шайлоодо бир канча жарандар өз добуштарын сатышты, айрым партиялар алардын добуштарын сатып алышты",- деди бүгүн, 5-октябрда чет өлкөлүк байкоочулар менен жолугушууда президент Алмазбек Атамбаев.
Анын айтымында, бул кемчиликти күчкө салып жоюуга мүмкүн эмес. "Кийинки парламенттик шайлоодо ушул сыяктуу кемчиликтер жок болоруна ишенем. Европада "шайлоодо кимдир бирөө өзүнүн добушун сатты" дегенге эч ким ишенбейт. Мындай көрүнүш эми бизге келет. Аталган кемчиликтер бизде мурдагы бийликтеги уурулардан жана коррупционерлерден калган",- деп кошумчалады Атамбаев.
Мындан тышкары өлкө башчы кечээки парламенттик шайлоону өткөрүүгө чет мамлекеттер ири көлөмдө акчалай жардам көрсөтүшкөнүн баса белгиледи. "Япония жана Түштүк Корея 6 миллион доллардан беришти, Евробиримдик 10 миллион доллар бөлүп берди. Өзүбүз да каражат таптык. Ар бир өлкөнүн туруктуулугу адилеттүү шайлоодон жана адилеттүү коомдон көз каранды",- деди президент.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: