super.kg logo

Мамлекетке 556,6 миң сом зыян келтирилгени боюнча Салык кызматынын Сузак районундагы башкармалыгынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду

 

Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад облусунун Сузак району боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы табылды. Бул тууралуу 6-октябрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Эсептөө палатасы жүргүзгөн аудитордук текшерүүлөрдүн натыйжасында аталган башкармалыктын башкы бухгалтери Ю.Т. айрым инспекторлор менен көмүскө бүтүм түзгөн. Алардын төлөм карточкаларына дайыма мыйзамсыз акча каражаттарын которуп турган, анын себебинен мамлекетке 556,6 миң сом суммадагы зыян келтирилген. Ошондой эле мамлекеттин бюджетине киреше салыгы жана камсыздандыруу төгүмү катары 354,9 миң сом которулган эмес.
Бул боюнча "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, "кызматтык жасалмачылык”, "ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу” беренелерине ылайык кылмыш иши козголду. Тергөө амалдары жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: