super.kg logo

Өлкөдө кары адамдардын 58 пайызы жашоо-тиричилигинен төмөн пенсия алышат

 
Өлкөдө кары адамдардын 58 пайызы жашоо-тиричилигинен төмөн пенсия алышат. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда "Кыргыз жергесинин туруктуу өнүгүүсүндө улгайган адамдардын орду" аттуу тегерек столдун жүрүшүндө "ХэлпЭйдж Интернэшнл" уюмунун КРдагы өкүлчүлүгүнүн директору Айсулуу Камчыбекова билдирди. Анын айтымында, кыргыз жергесинде пенсионерлердин 9,1 пайызы жакырчылыкта жашайт.
"Республикада кары адамдардын 45,7 пайызы иштейт. Бул алардын кыларга иши жоктугуна байланыштуу эмес, алар иштеп кошумча каражат табышат. Ошол эле учурда пенсияга жакындап калган жана пенсияга чыккан кызматкерлер дискриминацияга учурашат. Бул нерсе мыйзамга туура келбейт, анткени ар бир жарандын иштегенге укугу бар. Муну менен катар бизде улгайган адамдардын 76 пайызы билимдүү болуп саналат. Совет доорунда билим алуу шарт болчу. Ал эми келечектеги карыларыбыздын канча пайызы билимдүү болорун айта албайм, анткени бүгүнкү күндө бул жаатта жаралган маселелер көп",- деди адис.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: