super.kg logo
  Саясат  

Мадумаров "он миңдеген добуштар туура эмес саналды" дейт

 
Адахан Мадумаров

"Бүтүн Кыргызстан-Эмгек" партиясынын тең төрагасы Адахан Мадумаров партия Ош жана Жалал-Абад облустарында алган добуштарын кол менен санап чыгып, автоматтык эсептөөнүн ортосунда 37 миң айырмачылык чыкканын бүгүн "Азаттыкка" билдирди. Мадумаров Борбордук шайлоо комиссиясынан берилген добуштарды кайрадан кол менен санап чыгууну талап кыла турганын айтты. 
"Ош, Жалал-Абад облустары боюнча бардык протоколдорду чогулттук. Айырма өтө чоң болуп жатат. Эки облуста эле айырма 37 миң добушту түздү. Эгер мындай боло турган болсо, БШКдан күмөндүү участкалардагы добуштарды кайра кол менен саноону талап кылабыз",- деди Мадумаров.
Эскерте кетсек, шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча Жогорку Кеңешке 6 партия өттү. Калган 8 партия 7 пайыздык босоголук чекти басып өтө албай калды. Алардын арасында "Бүтүн Кыргызстан-Эмгек" партиясы да бар. Шайлоого жалпы 14 партия катышкан. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: