Жылнаама, 7-октябрь: Мындан 63 жыл мурун Орусиянын президенти Владимир Путин туулган


Эргеш Алиев 1905-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районундагы Сакалды айылында туулган. Ал Кыргызстанда совет бийлигин чыңдоого жигердүү катышкандардын бири, милициянын генерал-майору.
1927-жылы Кызыл Армияга чакырылып, Кыргыз атчандар дивизиясында кызмат кылган. Милициянын Базар-Коргон, Токмок райондук бөлүмдөрүн жетектеген. 1934-1941-жылдары милициянын Алай-Гүлчө райондук, Ош шаардык бөлүмүнүн жетекчиси, милициянын Тянь-Шань облустук башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болгон. Согуш жылдары (1941-1945) Ички иштер эл комиссариатынын 107-аткычтар дивизиясынын бөлүмүнүн башчысы, милициянын Ош облустук башкармалыгынын башчысынын орун басары, 1946-1947-жылдары милициянын Жалал-Абад облусунун башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген. Андан соң Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Милиция башкармалыгынын башчысынын орун басары, милициянын Жалал-Абад, Ысык-Көл, Талас облустук башкармалыктарынын башчысынын орун басары, 1956-1959-жылдары милициянын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы, милициянын Ош облустук башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп иштеген.
Эргеш Алиев Ленин, Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз, 2 Ардак белгиси ордендери жана медалдар менен сыйланган. ИИМдин академиясы, райондогу мектеп, Жалал-Абад шаарындагы көчө анын ысымы менен аталган.

2000-жылы 26-мартта Путин 53 пайыз добуш менен Орусиянын президенти болуп шайланган. Ал эми 2004-жылы 14-мартта экинчи ирет президенттикке келген. 2008-жылы президенттик мөөнөтү аяктаган соң өкмөт башчы болуп 2012-жылга чейин иштеген. 2012-жылы 4-мартта Орусияда президенттик шайлоо өтүп, Владимир Путин 63,6 пайыз добуш менен кайрадан президент болуп шайланган. Ал эми ошол эле жылдын 7-майынан тартып расмий түрдө ишке киришкен.

7-октябрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(4)
merim

07.10.2015. 02:16
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уважаемый,Владимир Владимирович!От всей души поздравляем,С днем рождениям!!!Вам долгих лет жизнь!
raysultan007

07.10.2015. 09:42
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
В.В. Путин СССР дин Улуттук коопсуздук кызматына эмес, Мамлекеттик коопсуздук комитетине кирген.
tatu.

07.10.2015. 10:05
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
С днём рождения Владимир Владимирович!!!Успеха и огромного терпения вам, крепкого здоровья и долгой жизни,живите еще сто лет)
universal

07.10.2015. 13:55
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пайгамбар жашындакен да!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.